# 33-статья. Суу берүүгө контракт

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 33-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-33

---

1. Суу берүүчү тарабынан суу менен түздөн-түз камсыздалуучу суу пайдадануучулар ушул главанын жоболоруна ылайык контракт түзүү маселеси боюнча ага кайрыла алышат.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык шаарларда жана башка калктуу конуштарда суунун берилиши үчүн жооптуу суу пайдалануучулар ассоциациясынан, өнөр жай ишканаларынан же муниципалдык органдардан табыштама алынган учурда суу берүүчү алар менен суу берүүгө контракт түзүүгө тийиш.

3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык ар кандай башка суу пайдалануучудан табыштама алган учурда суу берүүчү аны менен суу берүүгө контракт түзө алат, бирок "Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык суу пайдалануучулар ассоциациясынын тейлөө зонасында турган жерди пайдаланган жак менен суу берүүгө контракт түзө албайт. Ушул суу пайдадануучулар суу менен жыл сайын түзүлүүчү келишимдин негизинде ассоциациялар тарабынан камсыздалышат.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-34)
