# 31-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты берүү, өзгөртүү, жаңылоо жана каттоо үчүн административдик акы төлөө

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 31-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-31

---

1. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга уруксатты берүү, өзгөртүү, жаңылоо жана каттоо үчүн административдик акыны Мамлекеттик суу администрациясы алат.

2. Сууну пайдаланууга атайын уруксатты кошо алганда, сууну пайдаланууга чечимди берүү, өзгөртүү узартуу жана каттоо үчүн административдик акы төлөөнүн өлчөмү Мамлекеттик суу администрациясынын жана аларды жарыялоо боюнча негиздүү чыгымдарды кошо алганда тийиштүү табыштамаларды кароого жооптуу башка мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү административдик жана башка чыгымдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-32)
