# 30-статья. Сууну пайдаланууга уруксатты өткөрүп берүү

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 30-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-30

---

1. Сууну пайдаланууга уруксаттын ээси жана суу пайдаланууга атайын уруксаттын ээси сугатка тиешелүүдөн башка уруксатты бөлөк адамга өткөрүп бере алат.

2. Сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксат ушул статьянын 3-пунктуна ылайык гана өткөрүп берилиши мүмкүн.

3. Сугаруу үчүн сууну пайдаланууга уруксаттын ээси жер участогун

сатса же уруксатка тиешеси бар жерге карата өзүнүн кызыкчылыктарын башкача тескесе Мамлекеттик суу администрациясында уруксат берүудөн баш тарта алат же жаңы ээлик кылуучуга же жер пайдалануучуга өткөрүп берет.

4. Эгерде жаңы ээлик кылуучу же пайдалануучу бүтүм түзүлгөндөн кийин эки айдын ичинде уруксатты Мамлекеттик суу администрациясында кайра каттатса өткөрүп берилген уруксат жарактуу деп эсептелет.

5. Уруксаттын ээси каза болуп же ишин токтоткон учурда анын мурасчысы же укук улантуучусу сууга укук ага өткөрүлүп берилгенден кийин эки айдын ичинде суу пайдаланууга уруксатты Мамлекеттик суу администрацияда кайра каттатууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-31)
