# 24-статья. Сууну пайдалануу боюнча артыкчылыктар

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 июня 2016 года № 80 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111359)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.06.2016 [Закон КР от 14 июня 2016 года № 80 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере возобновляемых источников энергии"](https://aqlex.ai/kg/doc/111359); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201412..1201413>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 24-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-24

---

Суу пайдалануу максаттары үчүн артыкчылыктардын негизделген тартибин белгилөөчү бассейндик план бекитилгенге чейин, сууну пайдаланууга уруксаттын, жер астындагы сууларды кошо алганда, сууну бөлүштүрүү төмөнкүдөй артыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүлөт:

- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик керектөөлөр үчүн пайдалануу;

- сууну сугатка жана малды сугарууга пайдалануу;

- кайра жаралуучу энергияны кошкондо, сууну электр энергиясын иштеп чыгарууга пайдалануу;

- сууну өнөр жайлык, анын ичинде тоо-кен жана агро өнөр жай максаттарына пайдалануу;

- сууну балык-кармоо жана балык өстүрүү үчүн пайдалануу;

- сууну спорт жана ден соолукту чыңдоо максаттарына пайдалануу;

- сууну башка максаттарга пайдалануу.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2016-жылдын 14-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-25)
