16-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын компетенциялары
Күчүн жоготкон · 27.06.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 июня 2025 года № 129.
1. Ушул Кодекстин максаттарын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
- санитардык коргоо зоналарынын жайгашкан ордун, өлчөмүн жана режимин бекитүү;
- бассейндик кеңештин ишине катышуу;
- сууну коргоо зоналарына тиешелүү эрежелерди бекитүү жана ишке ашыруу боюнча маселелерди макулдашуу;
- суу каптоолорго жана селге дуушар болгон аймактардагы иштерди жөнгө салуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик актыларды кабыл алуу.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик суу администрациясынын сунушу боюнча ушул Кодексте белгиленген милдеттерди ишке ашыруучу жергиликтүү мамлекеттик администрация органын аныктайт.
161 –статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы
1. Сугат суусун берүүнү башкаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы аталган маселе жергиликтүү маанидеги маселе катары Жергиликтүү коомдоштуктун уставына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башка ченемдик укуктук актысына киргизилген учурда белгиленет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболорун сактоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
-бассейндик кеңештин ишине катышуу;
- ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчиктин объектилери катары натыйжалуу башкаруу;
- Калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин жергиликтүү кеңештердин бекитиши;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликт өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарыныналкагында сугат сууларын берүүнү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында сугат сууларын берүнү башкаруу боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
-калктуу конуштардын ичиндеги айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка жерлерди сугаруу үчүн сууну пайдалануу, ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн суу пайдалануучулардын административдик жоопкерчилиги бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун ишке ашыруу; -сугат сууну берүү боюнча маселелерди жергиликтүү маанидеги маселе катары чечүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо, анын ичинде ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркын субсидиялоо;
- суу пайдалануучулар ассоциациясы же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок юолгон учурда башка жак тарабынан берилген ирригациялык кызмат көрсөтүү үчүн акынын наркын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу;
- ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суу пайдалануучулар ассоциациясын же суу пайдалануучулар ассоциациясы жок болгон учурда башка жакты сууну берүүчү деп аныктоо;
- ушул Кодексте жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарда аныкталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагында башка милдеттерди аткаруу.;
(КР 2021-жылдын 10 декабрындагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1605/st-16" title="16-статья - Суу Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>