# 15-статья. Өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 15-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-15

---

1. Ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Суу боюнча Улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- суу каптоолор, сел жана кургакчылык жөнүндө маалыматтардын улуттук тутумун түзүү боюнча сунуштарды макулдашуу;

- Мамлекеттик суу администрациясы менен бирдикте суу каптоо жана сел жүрүү учурларына карата пландарды даярдоо жана мезгил-мезгили менен жаңылап туруу.

2. Ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча Гидрометеорология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- Суу боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин ишине катышуу;

- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү милдеттерди ишке ашыруу;

- маалыматтык тутумдарды жана мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруу.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-16)
