# 13-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган жана анын компетенциясы

- Документ: [Суу Кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1605)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 12-январындагы № 8 "Суу Кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 8
- Кабыл алынган күнү: 12.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2025 года № 129 "О введении в действие Водного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029016)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 октября 2013 года № 197 "О внесении изменений и дополнений в Водный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205060)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.10.2013 [Закон КР от 26 октября 2013 года № 197 "О внесении изменений и дополнений в Водный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205060); 10.10.2012 [Закон КР от 10 октября 2012 года № 170 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203770)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605#diff=1201410..1201411>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-24/edition/1201409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1605/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Суу Кодекси, 13-статья (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-13

---

Ушул Кодексти ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- Суу боюнча улуттук кеңештин жана бассейндик кеңештин иштерине катышуу;

- ушул Кодекстин 49-статьясына ылайык иштелип чыккан суулардын классификациясын макулдашуу жана суу объекттери боюнча ошол суулардын стандарттарын бекитүү;

- булгоочу заттарды жана калдыктарды суу объекттерине, коллектордук-дренаждык тутумдарга, сугарылуучу, чыпкалоочу жана буулантуучу талааларга, жер рельефине таштоого уруксаттарды макулдашуу;

- жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан коргоонун санитардык ченемдерин жана эрежелерин иштеп чыгуу;

- жер үстүндөгү суулардын чарбачылыкка, ичүүгө жана тиричиликке пайдаланууга жарактуулугун санитардык жана гигиеналык ченемдерге ылайык келишин аныктоо;

- ичүүчү, тиричиликке керектелүүчү суу менен камсыздоо жана дарылоо максатында пайдаланылуучу суу объекттерин санитардык жактан коргоо зоналарынын чегараларын, жер үстөндөгү жана жер астындагы сууларды булгануудан коргоонун эрежелерин макулдашуу;

- (сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- агын сууларды коеё берүүчү жерден жогорудагы жана суу пайдалануучу пайдаланган жакын аралыктагы пункттагы суу объектисиндеги суунун сапатын контролдоонун тартибин макулдашуу;

- ушул Кодексте аныкталган башка милдеттер.

(КР 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170, 2013-жылдын 26-октябрындагы № 197 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1605/st-14)
