# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 497
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/160490/edition/1284476/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160490

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 22-сентябры № 497 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө

(Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)

Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын жана атаандашуу жөндөмдүүлүгүн өстүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин штаттык санынын чеги 42 бирдик санында бекитилсин.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык, 3-пунктта текст менен расмий тилдин айырмасы бар (саны).

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:

- 2-пункттагы "497", "105", "235", "61" деген цифралар тиешелүү түрдө "527", "107", "265", "63" деген цифраларга алмаштырылсын.

6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун 2-пунктчасы;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун 2-пунктчасы.

8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.

9. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесин түзүүгө байланышкан уюштуруу-техникалык жана финансылык маселелерди чечсин.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2023-жылдын 28-сентябрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У . Жапаров |
| --- | --- |
|  | 2-тиркеме |

“ Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасы

| |

".

| | 3-тиркеме "31-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| --- | --- | --- |
| 1 | Директор | 14,15 |
| 2 | Директордун орун басары | 11,79 |
| 3 | Бөлүмдүн башчысы | 9,43 |
| 4 | Башкы бухгалтер | 7,07 |
| 5 | Эксперт | 7,07 |

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, кесиптик демилге көрсөткөндүгү, ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянадан 25% өлчөмүндө пайыздык үстөк төлөнөт.".
