Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 „Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 21-августу № 417 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө", 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" жарлыктарына ылайык келтирүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын:
"9) өз ара көз карандылык принциби кирешелердин бир түрүнүн болжолундагы өзгөрүүлөрдүн кирешелердин башка түрлөрү боюнча болжолдорунун өзгөрүшүнө таасирин карайт.";
- 13-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын: "61) спецификацияны аткаруу жана эконометрикалык моделдеги өзгөрмөлөрдү жана теңдемелерди тестирлөөнүн эсебинен гипотезаларды текшерүү;"; 10-пунктчада ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) финансылык программалоонун натыйжалары.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 201-пункт менен толукталсын:
"201. Көрсөтүлгөн методдордун ордуна же аларга кошумча (кыйла так натыйжаларды алуу үчүн) бюджеттин кирешелерин узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү болжолдоонун эконометрикалык модели колдонулушу мүмкүн. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин моделдөө жана болжолдоо жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин болжолдоо методологиясы ушул Методиканын 1, 2-тиркемелерине ылайык кадамдык колдонмо боюнча ишке ашырылат.";
- 32-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү категориялар боюнча жерлердин аянты;";
- ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 1, 2-тиркемелер менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 23-пунктта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде:
51-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелерди жөнгө салуучу ченемдерди кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтому менен бекитилген)Методика · 26.08.2015 · № 604
- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтому менен бекитилген)Порядок · 26.08.2015 · № 604
- Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтомуна бекитилген) методикасына тиркемеПриложение · 26.08.2015 · № 604
- Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604…Руководство · 26.08.2015 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-марты № 179 "Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын…Постановление · 16.03.2026 · № 179
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2015 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-марты № 179 "Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн булактары боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын…Постановление · 16.03.2026 · № 179
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомуна ылайык)Приложение · 21.08.2023 · № 417