# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы N 575 "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы N 575 "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 557
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160485>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22425/edition/1287278/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160485.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы N 575 "Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому (25.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160485

---

Көңүл бургула!!! ушул токтомдун 1-пункту 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 25-октябры № 575

Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 457-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу, ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы № 141 "Эсеп-фактураны колдонуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын: "3) өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзгөн субъекттердин ортосунда товарларды сатууда эсеп-фактураны тариздөөгө талаптар коюлбайт. Өзгөчө режимдеги соода зоналарында иш жүргүзбөгөн субъекттерге товарлар сатылган учурда эсеп-фактуралар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Эсеп-фактураны түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартибине ылайык таризделет.".

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта:

- 2-пунктчадагы "1-мартына" деген сөздөр "1-июлуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 3, 4-пунктчалардагы "2023-жылдын" деген сөздөр "2024-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзүнүн ишинин спецификасына же жайгашкан жеринин өзгөчөлүгүнө жараша контролдук-кассалык машиналарды колдонбостон акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алган субъекттердин тизмесинде:

- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 26-пунктча менен толукталсын:

"26) өзгөчө режимдеги соода зонасында товарларды сатуу.";

- 3-пункттун таблицасынын 6-пунктундагы "2023-жылдын 1-апрелине чейин" деген сөздөр "2024-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Бул токтом ушул токтомдун 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
