# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 542
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22420/edition/1284844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-октябры № 542

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Маданият системасынын билим берүү мекемелериндеги окуучуларды социалдык коргоону камсыз кылуу жана тамак-аш рационунун сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемесинде:

- 5-пунктта "150" деген цифралар "213" деген цифраларга алмаштырылсын;

- 8-пунктта "160" деген цифралар "213" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча:

1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2023-жылы 1275900 (бир миллион эки жүз жетимиш беш миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлсүн, 2024-жылы жана кийинки жылдары 5103600 (беш миллион бир жүз үч миң алты жүз) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүүнү карасын;

2) "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 00-сентябрындагы № 00 (3526) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
