# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 515
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160477>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22419/edition/1284676/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160477.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 "Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому (19.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160477

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 29-сентябры № 515 Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 540-беренесин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 108-беренесин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95-беренесин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 91-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Салык органдары кабыл алган, бирок ушул токтом күчүнө кирген учурда сатылбай калган мүлктөр ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобонун 16-пунктуна ылайык алардын компетенциясына ылайык ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берилүүгө тийиш.

3. Ушул токтомдон келип чыккан бардык чыгымдар, тиешелүү жылга каралган мамлекеттик органдардын каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:

12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: "- конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү эсепке алууну жүргүзүү;"; 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 251-пунктча менен толукталсын: "251) конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү эсепке алууну, анын ичинде башка мамлекеттик органдарды, жеке жана юридикалык жактарды тартуу менен жүргүзүү;".

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-октябрындагы № 575 "Конфискацияланган, ээси жок жана мурастоо укугу мамлекетке өткөн мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 81 (3530) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
