# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 547
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22414/edition/1285034/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө" токтому (14.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160466

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 12-октябры № 547

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүзөгө ашырылуучу иштерди аныктоо жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы N 68 токтомунун редакциясына ылайык)

Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо чөйрөсүндөгү алдын алуу, жоюу, авариялык-калыбына келтирүү, жээктерди бекемдөө иштеринин жана башка иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоого түздөн-түз байланышкан алдын алуу, жоюу, авариялык-калыбына келтирүү жана жээктерди бекемдөө иштерин, ошондой эле гидрокурулмаларды жана башка объекттерди куруу боюнча иштерди аткаруу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалар тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн деп аныкталсын.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы N 68 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 84 (3533) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
