# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 535
- Кабыл алынган күнү: 10.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160464>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22412/edition/1284412/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160464.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 535 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160464

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-октябрындагы № 705 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-октябры № 535

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана мамлекеттин жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Дарылоо-алдын алуу уюмдарына карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:

9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча турак жай курулушу психиатриялык, инфекциялык профилдеги стационарлардан 100 метрден аз аралыкта жайгашышы мүмкүн.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.У. Жапаров |
