Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 9-октябры № 533 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 21, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2023-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун акционери катары ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коому үч айлык мөөнөттө ички ченемдик документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122