# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 525
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160453>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/160453/edition/1284256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160453.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 525 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160453

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 5-октябры № 525 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25 апрелиндеги № 289 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 289 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункттун 1-пунктчасында "1-34-1-тиркемелерге" деген сөздөр "1-34-2-тиркемелерге" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык 34-2-тиркеме менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.Жапаров |
| --- | --- | --- |
| Begin\_nocompare |  | Тиркеме |
|  |  |  |
|  |  | "34-2-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| --- | --- | --- |
| 1 | Директор | 4,08 |
| 2 | Директордун орун басары | 3,71 |
| 3 | Башкы бухгалтер | 2,88 |
| 4 | Бөлүмдүн начальниги | 2,99 |
| 5 | Башкы адис | 2,76 |
| 6 | Жетектөөчү адис, бухгалтер | 2,49 |
| 7 | Адис | 2,11 |

". End\_nocompare
