# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 "Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 "Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 469
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22400/edition/1281652/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160450.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 469 "Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө" токтому (13.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160450

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-сентябры № 469 Экспорттук контролдоо максатында жүргүзүлүүчү товарларды жана технологияларды көз карандысыз идентификациялоо системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын контролдонуучу продукцияларынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген чийки заттардын жана материалдардын, жабдуулардын жана технологиялардын, илимий-техникалык маалыматтардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, кош багыттагы продукциялардын түрлөрүнө жана интеллектуалдык иштин натыйжаларына карата тышкы экономикалык ишти контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уюмдар тарабынан уруксат алуунун эрежелери 1-тиркемеге ылайык;

- Экспорттук контролдоо максатында контролдонуучу продукцияны идентификациялоо жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги төмөнкүлөрдү ишке ашырсын:

- жалпы методикалык жетектөөнү жана лицензиялык талаптардын сакталышын мамлекеттик контролдоону;

- контролдонуучу продукцияны идентификациялоо укугуна уруксат алган уюмдардын реестрин жүргүзүүнү.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2023-жылдын 21-сентябрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
