# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 503
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22392/edition/1281984/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160441

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 26-сентябры № 503 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин социалдык коргоосун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 79 (3528) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
