# Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 472 " Мамлекеттик маанидеги имаратты куруу жана (же) жабдуу үчүн товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 472 " Мамлекеттик маанидеги имаратты куруу жана (же) жабдуу үчүн товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 472
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22385/edition/1282248/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 472 " Мамлекеттик маанидеги имаратты куруу жана (же) жабдуу үчүн товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтому (19.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160432

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-сентябры № 472 Мамлекеттик маанидеги имаратты куруу жана (же) жабдуу үчүн товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө

"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик маанидеги имаратын куруу жана (же) жабдуу үчүн Кыргыз Республикасына алып келинүүчү товарлар товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 78 (3527) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
