# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 490 "Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акцияны жарыялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 490 "Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акцияны жарыялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 490
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2023
- Редакциянын күнү: 19.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160430>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22383/edition/1282244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160430.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-сентябрындагы № 490 "Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акцияны жарыялоо жөнүндө" токтому (19.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160430

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 19-сентябры № 490

Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акцияны жарыялоо жөнүндө

Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акция алтымыш күндүк мөөнөткө жарыялансын.

2. Акцияны өткөрүү мезгилинде транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөөдө жана уруксатты каттоодо жыйымдардын төмөнкү өлчөмдөрү колдонулат деп белгиленсин:

– жеке жактар – резиденттер үчүн 500 эсептик көрсөткүч;

– юридикалык жактар үчүн 700 эсептик көрсөткүч;

– резидент эместер үчүн 900 эсептик көрсөткүч.

3. Бул токтомду колдонуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 “Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибинин 3-пунктунун колдонулушу токтотулуп турсун.

4. Бул токтомдун колдонулушу ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген уруксаттарга жайылтылбайт.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана алтымыш күн колдонулат.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров
