Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 „Чет өлкөлүк жарандарга „Санариптик көчмөн“ („Digital nomad“) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 апреля 2025 года № 241 "Об утверждении Положения о порядке присвоения иностранным гражданам статуса "Цифровой кочевник" ("Digital Nomad")» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-сентябры № 496
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасына маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана креативдүү индустрия чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу чет өлкөлүк адистерди тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- экинчи абзацта "2023-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 30-июнуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте пилоттук долбоор аяктаганга чейин мамлекеттик санариптик платформа аркылуу туруктуу негизде чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча маселелерди жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын.";
2) 3-пунктта "2023-жылдын 31-декабрына" деген сөздөр "2024-жылдын 30-июнуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги пилоттук долбоор жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү багыттасын, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу башка тиешелүү чараларды көрсүн.";
4) төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга министрликтерди жана мамлекеттик комитетти каржылоого каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү тартиби жөнүндө убактылуу жободо:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Америка Кошмо Штаттары;
- Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу;
- Германия Федеративдик Республикасы;
- Япония;
- Корея Республикасы;
- Индия Республикасы.";
- 5-пунктта "3" деген цифра "5" деген цифрага алмаштырылсын;
- 8, 14-пункттарда, 16-пункттун экинчи абзацында "эмгек, ишке орноштуруу жана миграция" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктта:
3-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3) кирешелер жөнүндө көчүрмө (арыз берген күндөн мурдагы бир жылда контракттар боюнча аткарылган кызмат көрсөтүүлөр үчүн кирешелер жөнүндө банктан көчүрмө) жана жаңы түзүлгөн келишимдин, эмгек контрактынын же акыркы 2 жылдагы кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жана/же ушул Убактылуу жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алдыдагы аткарууга келишимдин көчүрмөлөрү."; экинчи абзацта "эмгек, ишке орноштуруу жана миграция" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта "калкты каттоо" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 78 (3527) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө…Постановление · 30.04.2025 · № 241
- Кыргыз республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук…Временное положение · 18.08.2022 · № 464 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-августундагы № 464 "Чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруу боюнча пилоттук…Постановление · 18.08.2022 · № 464 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2025 ж. № 241 токтомуПостановление · 30.04.2025 · № 241
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 "Чет өлкөлүк жарандарга "Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө…Постановление · 30.04.2025 · № 241