# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 507 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 507 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 507
- Кабыл алынган күнү: 28.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22379/edition/1285188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 507 "2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому (28.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160424

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-сентябры № 507

2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө Адал индустрияны өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
