Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 507
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө Адал индустрияны өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү Концепциясы (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 507 токтомуна)Концепция · 28.09.2023 · № 507
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-июлундагы № 454-т (2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын…Распоряжение · 26.07.2024 · № 454-р
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122