Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2022-жылдын 28-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана чара көрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-сентябры № 477
2022-жылдын 28-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана чара көрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуусун бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2022-жылдын 28-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана чара көрүү боюнча кызматташуу жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуусу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64