# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 475
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160413>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22370/edition/1279044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160413.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160413

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-сентябры № 475

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-октябрындагы № 24 "Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногун иштетүүнүн алкагындагы тоскоолдуктарды Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери тарабынан четтетүү боюнча иштин жүрүшү жөнүндө" тескемесинин 1-пунктун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35 "Контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун жана колдонуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 123 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2023-жылдын 15-сентябрында www.gov.kg сайтында жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
