# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 483 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 483 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 483
- Кабыл алынган күнү: 18.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22365/edition/1281650/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы № 483 "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160407

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 18-сентябры № 483 Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 “Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

- 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жободо:

– 45-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

– жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:

5-пунктчада “комиссиялык жыйымды жана башка” деген сөздөр алып салынсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикти тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жободо:

– 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“21. Сатып алуучулар алган мамлекеттик мүлккө акы төлөө сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлган күндөн тартып бир айдын ичинде бир жолу жүргүзүлөт. Мамлекеттик мүлктү сатуудан түшкөн каражаттар белгиленген тартипте республикалык бюджетке которулат.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:

– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“4. Мамлекеттик мүлктү сатуучу болуп мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгат (мындан ары – Сатуучу).”; 25-пункттун биринчи абзацындагы “комиссиялык жыйым жана гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт” деген сөздөр “гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт” деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 31-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 “Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жободо:

– 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

– 161-пункттагы “, комиссиялык жыйымды” деген сөздөр алып салынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 801 “Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жободо:

– 14-пункттун алтынчы абзацы, 33-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

– жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 774 “Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жободо:

– 18-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

8. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2023-жылдын 19-сентябрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров

Тиркеме

"Аукциондо сатуу ыкмасы менен мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жобого 1-тиркеме

Аукционго катышууга ТИПТҮҮ БИЛДИРҮҮ

Билдирүүчү: Жеке адамдар үчүн Мен, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, (фамилиясы, аты-жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ким экенин тастыктаган документ: түрү, сериясы, номери, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ким тарабынан жана качан берилген) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дарегинде жашайм (шаар, айыл, көчө, үй же батир №) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (жеке ишкерлер үчүн: ишкердик жүргүзүүчү жеке адамдын \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ же патентинин реквизиттери) Юридикалык жактар үчүн Мен, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_, (фамилиясы, аты-жөнү) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (ким экенин билдирүүчү документтин түрү, сериясы, номери, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ким тарабынан жана качан берилген) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (юридикалык жактын толук аталышы, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ дареги жана банктык реквизиттери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ атынан чыгып, \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ ишеним каттын негизинде иштөө менен (ишеним каттын реквизиттери) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аукцион өткөрүү орду жана убактысы) \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ боло турган аукционго катышуу ниетим тууралуу билдирем. Ушул ниетке ылайык мен тарабынан \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ сом өлчөмүндө кепилдик взнос төлөндү. Аукциондо соодалашууда жеңип чыксам, төмөнкүлөргө милдеттенем:

- аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;

- аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколду Сатуучу бекиткенден кийин 10 күндөн кечикпеген мөөнөттө сатып алуу-сатуу келишимине кол коюуга;

- сатуучуга аукциондо сатып алынган мүлктүн наркын сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталган мөөнөттөрдө төлөөгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатуучуга зарыл жыйымдарды төлөөгө.

Мен, соодалашуунун жеңүүчүсү болуп табылып жана аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кийин кол коюудан же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда төккөн кепилдик взностун суммасы кайтарылып берилбей жана Сатуучуда кала тургандыгына макулмун. Сатып алуу-сатуу келишимине кол коюлганга чейин бул билдирүү аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен бирге Сатуучу менен Сатып алуучунун ортосундагы келишимдин күчүнө ээ. Бул арызга төмөнкүлөр тиркелет: Юридикалык жактар үчүн:

- юридикалык жактын атынан чыгуу укугуна ишеним кат;

- уюштуруу документтеринин күбөлөндүрүлгөн копиялары;

- билдирүү берген күндөгү абал боюнча бардык деңгээлдеги бюджеттерге талапкердин салыктык төлөмдөрдөн карыздары жоктугун ырастаган салык органдарынан маалымдама;

- билдирүү берген күндөгү абал боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнөн талапкердин карыздары жоктугун ырастаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан маалымкат;

- кепилдик взносту төккөндүгүн ырастоочу төлөм документинин копиясы.

Жеке адамдар үчүн кепилдик взносту төккөндүгүн ырастоочу төлөм документинин көчүрмөсү. Билдирүүнү берүүдө талапкер паспортун өзү көрсөтөт.

Билдирүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кабыл алынды \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (сатуучу тарабынан толтурулат)

“.
