# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 431
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/160402/edition/1276068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө" токтому (08.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160402

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 28-августу № 431

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 , 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдигин камсыз кылуу талаптарын өз убагында жана толук аткаруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси түзүлсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:

1) бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга каралган сандын жана каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын;

2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |  | А.У.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  | 2-тиркеме |
|  |  | "341-тиркеме |

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТИ

| № | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти, бир айга |
| --- | --- | --- |
| 1 | Директор | 3,989 |
| 2 | Башкы бухгалтер | 2,593 |
| 3 | Башкы адис | 2,261 |
| 4 | Методист | 2,128 |
