# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 434 "Кыргыз Республикасында ачык маалыматтарды ишке ашырууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 434 "Кыргыз Республикасында ачык маалыматтарды ишке ашырууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 434
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22358/edition/1278438/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 434 "Кыргыз Республикасында ачык маалыматтарды ишке ашырууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтому (02.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160397

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 28-августу № 434 Кыргыз Республикасында ачык маалыматтарды ишке ашырууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасындагы ачык маалыматтар порталы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
