# Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 токтомуна)

- Толук аталышы: Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 токтомуна)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 426
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/160395/edition/1275882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 токтомуна) (23.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160395

---

Тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 токтомуна)

Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоону уюштурууну жана анын тартибин аныктайт.

2. Жобо "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобого жана мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

3. Жобо төмөнкү мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыздоонун алкагында мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоонун тартибин регламенттейт:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын.

4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагаларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо алардын ишин регламенттеген ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.

5. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо мамлекеттик күзөт органын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын (мындан ары - Иш башкармасы) каржылоого республикалык бюджеттен каралган каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.

6. Мамлекеттик административдик имараттарды камсыздоо жана тейлөө мамлекеттик күзөт объекттери туруктуу жайгашкан имараттарда гана ишке ашырылат.

2. Материалдык-техникалык жактан камсыздоонун түрлөрү

7. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо мамлекеттик күзөт органын каржылоо, анын ичинен автомашина жана жабдууларды, тамак-аш азыктарын, товарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, материалдарды жана буюмдарды, башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, транспорттук жана байланыш кызматтарынын чыгымдарын төлөө республикалык бюджеттен каралган каражаттын эсебинен ишке ашырылат.

8. Ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун уюштурууга мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоону Иш башкармасы төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырат:

1) мамлекеттик күзөт объекттеринин жүрүшүндө коштоону уюштурууга жана күжүрмөн калкалоого транспорттук каражат берүү;

2) мамлекеттик күзөт объекттеринин туруктуу жана убактылуу жүргөн имараттарда жана курулмаларда коргонууну уюштуруу үчүн мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында видеобайкоо жабдууларын камсыздоо жана тейлөө;

3) мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында контролдук-өткөрүү пункттарын уюштуруу үчүн атайын жабдуу жана жай менен камсыздоо;

4) мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында мамлекеттик күзөт объекттери колдонгон байланыш коопсуздугун уюштурууга атайын жабдуу менен камсыздоо;

5) мамлекеттик административдик имараттарда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденцияларында учкучсуз учуучу аппараттардан коргонууну уюштурууга атайын жабдуу менен камсыздоо;

6) мамлекеттик компьютердик тармактарда программалык жана техникалык камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик күзөт объекттери колдонгон жабдууларда жана каражатта маалыматтык коопсуздукту камсыздоо;

7) мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун жана радиотехникалык контролду уюштурууга (ошондой эле байланыш сигналын басууга) каражат жана атайын жабдуу менен камсыздоо:

8) санитардык-гигиеналык, химиялык, эпидемияга каршы жана дозиметрикалык контролду уюштурууга атайын каражат жана реактивдер менен камсыздоо;

9) радиациялык контролду уюштурууга атайын жабдуу менен камсыздоо;

10) мамлекеттик күзөт объекттеринин туруктуу жана убактылуу жүргөн жерлеринде тез, квалификациялуу медициналык камсыздоону уюштурууга атайын транспорттук каражат жана жабдуу менен камсыздоо;

11) мамлекеттик күзөт объекттерине квалификациялуу медициналык камсыздоону уюштурууга медициналык каражат жана жабдуу менен камсыздоо;

12) мамлекеттик күзөт органына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздоо.

3. Мамлекеттик күзөт органынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен өз ара аракеттенүүсү

9. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн материалдык-техникалык жактан камсыздоо иш-чараларын уюштурууда Иш башкармасы мамлекеттик күзөт органы менен түздөн-түз өз ара аракеттенет.

10. Ушул Жобонун 8-пунктунда каралган мамлекет күзөт органынын материалдык-техникалык жактан камсыздоого болгон керектөөсү жабдууну эксплуатациялоо ченемдерине, каражаттарды чыгымдоо ченемдерине, техникалык жаңыланууларга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жараша аныкталат.

11. Материалдык-техникалык камсыздоо мамлекеттик күзөттү сапаттуу уюштурууга зарыл мүлктүн мүнөздөмөсүн, санын жана колдонуу мөөнөтүн белгилөө менен Иш башкармасынын дарегине жазылган мамлекеттик күзөт органынын негизделген жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча ишке ашырылат.

12. Иш башкармасы тарабынан мамлекеттик күзөт органынын суроо-талабы төмөнкү мөөнөттөрдө каралат:

- ушул Жобонун 3-пунктунда белгиленген адамдардын ишин камсыздоого зарыл болгон мүлктү берүү - мамлекеттик күзөт органынын суроо-талабында көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык;

- Иш башкармасынын карамагында турган мүлктү берүү - суроо-талап катталган учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде;

- Иш башкармасынын карамагында болбогон мүлктү берүү - иш-чаралардын мөөнөтүн эске алуу менен мүлктү алуу мамлекеттик күзөт органы менен макулдашылат.

4. Корутунду жоболор

13. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн материалдык-техникалык жактан камсыздоо Иш башкармасы тарабынан республикалык бюджеттен каралган каражаттын чегинде ишке ашырылат.
