# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 "Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 "Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 426
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22357/edition/1275880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 "Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (23.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160394

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 23-августу № 426 Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине шайкеш келтирүү, ошондой эле мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик күзөт органын сапаттуу жабдуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
