Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-августу № 426 Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине шайкеш келтирүү, ошондой эле мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыздоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик күзөт органын сапаттуу жабдуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик күзөт жөнүндөЗакон · 23.01.2023 · № 6
- Мамлекеттик күзөт органын материалдык-техникалык жактан камсыздоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 426 токтомуна)Положение · 23.08.2023 · № 426
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик күзөт жөнүндөЗакон · 23.01.2023 · № 6