# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 446
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22353/edition/1278178/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 446 "Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160388

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 4-сентябры № 446

Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 13-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын базарларынын жана кичи базарларынын иштешине талаптар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 72 (3521) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
