# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 427
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22350/edition/1275182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 427 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (23.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160383

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 23-августу № 427 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 531 "Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңешти түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сырларды сактоо маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

- 4-пункттун экинчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 5-пункттун экинчи абзацында жана 6, 7-пункттарда түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Премьер-министр" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
