# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 398
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22339/edition/1275120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө" токтому (09.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160367

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 9-августу № 398

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматын түзүү жөнүндө

Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
