# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы № 402 "Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы № 402 "Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 402
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160365>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22338/edition/1275206/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160365.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы № 402 "Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (05.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160365

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 10-августу № 402

Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 311-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын аныктоо жана колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тобокелдик белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркын бекитүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 18-августундагы № 66 (3515) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
