# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 401
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22332/edition/1272996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы № 401 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160357

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-августу № 401 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана андан кийинки жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Тиркеме

"4-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
