Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 „Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 18 декабря 2025 года № 813 "Об упорядочении ношения специальной и ведомственной формы одежды"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-12-18.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 14-августу № 411 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүгө укуктуу болгон мамлекеттик органдардын тизмегинде: "Ведомстволук форма кийими" бөлүмүндө:
- жетинчи-онунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын кызматкерлерди ведомстволук форма кийими менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине каралган ассигнованиелердин чегинде республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги ведомстволук форма кийиминин сүрөттөмөсүн, форма кийиминин айырмалоочу белгилеринин жана фурнитурасынын үлгүлөрүн, ошондой эле аны кийүү эрежелерин бир айлык мөөнөттө бекитсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 813
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 829 · Күчүн жоготкон
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2014-жылдын 16-июнундагы N 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин…Постановление · 16.06.2014 · № 333
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 813
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 829 "Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.12.2015 · № 829 · Күчүн жоготкон
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2014-жылдын 16-июнундагы N 333 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин…Постановление · 16.06.2014 · № 333