Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Роскызматташуусунун алкагында чыгармачылык багыттар боюнча окуп жаткан шыктуу жаштарга материалдык дем берүү (жардам) жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 4-августу № 384 Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Роскызматташуусунун алкагында чыгармачылык багыттар боюнча окуп жаткан шыктуу жаштарга материалдык дем берүү (жардам) жөнүндө Маданият жана искусство мекемелери үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, таланттуу жаштарга дем берүү системасын өркүндөтүү, аларды жигердүү жаратмандык ишке кеңири тартуу, Роскызматташуунун алкагында Россия Федерациясынын жогорку билим берүү уюмдарында чыгармачылык адистиктери боюнча окуп жаткан шыктуу студенттерди колдоо жана татыктуу сыйлоо максатында, "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Роскызматташуусунун алкагында чыгармачылык багыттар боюнча окуп жаткан шыктуу жаштарга материалдык дем берүүнүн (жардамдын) өлчөмдөрү жана төлөө мөөнөттөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн тиешелүү каражаттарды эске алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Роскызматташуусунун алкагында чыгармачылык багыттар боюнча окуп жаткан шыктуу жаштарга материалдык дем берүүнүн (жардамдын) өлчөмдөрү жана төлөө мөөнөттөрү
№
Багыттын аталышы
Студенттердин саны
Төлөө мөөнөтү
Материалдык дем берүүнүн (жардам) 1 адамга айлык өлчөмү (сом менен)
1. Россиянын мамлекеттик академиялык кичи театрынын алдындагы М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайы (институту)
1
"Актердук чеберчилик" багытындагы студенттер
22
3 жыл (специалитет)
15000
2
Кыргыз тилин окутууну магистранттарга же аспиранттарга жүктөө
1
3 жыл
30000
3
Кураторлукту магистранттарга же аспиранттарга жүктөө
1
3 жыл
30000
2. "Россия театралдык искусство институту - МТИСИ" жогорку билим берүүчү Федералдык мамлекеттик бюджеттик билим берүү мекемеси
1
"Актердук искусство" багытындагы студенттер
12
4 жыл (бакалавриат)
15000
2
Театрдын режиссурасы
3
2 жыл (магистратура)
15000
3
Сценография
3
2 жыл (магистратура)
15000
4
Ассистентура-стажировка
1
2 жыл
15000
5
Кыргыз тилин окутууну магистранттарга же аспиранттарга жүктөө
1
4 жыл
30000
6
Кураторлукту магистранттарга же аспиранттарга жүктөө
1
4 жыл
30000
3. Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн квота боюнча жогорку билим берүүчү билим берүү уюмдары
1
Чыгармачылык багыттар боюнча студенттер
35
4 жыл (бакалавриат)
15000
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Маданият жөнүндөЗакон · 07.04.2009 · № 119
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 9