# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 386 "Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 386 "Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 386
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22327/edition/1272377/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 386 "Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160351

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 4-августу № 386

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду талаптагыдай күтүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүүдө жогоруда аталган Жобону катуу жетекчиликке алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык аймагында жайгашкан Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунда орнотулган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун асабасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-августундагы № 65 (3514)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
