Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 351 „Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 4-августу № 390 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 197-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Мугалим квалификациялык категория ыйгаруу үчүн аттестациядан акысыз негизде өтөт. Билдирилген квалификациялык категориясы ырасталбаган учурда мугалим акы төлөө негизинде бир жылдан эрте эмес убакытта кайталап тестирлөөдөн өтүүгө укуктуу.".
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24 июнундагы № 351 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби…Постановление · 24.06.2022 · № 351
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын карамагындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу менен флагштокторду күтүү тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 04.08.2023 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон