# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 357
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22324/edition/1271123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 357 "Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (12.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160346

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 12-июлу № 357 Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 112-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Инвестициялык лотторду түзүү жана берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ушул токтомду ишке ашырууга методологиялык жана маалыматтык көмөк көрсөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У . Жапаров
