# Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 381
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22323/edition/1278204/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (04.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160345

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 4-августу № 381

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө контрактты банктык коштоону камсыз кылуу тартибинде:

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Контрактты банктык коштоо төмөнкүдөй түзүлгөн контракттарга карата колдонулбайт:

1) Мыйзамдын 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда, 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-14-пункттарында каралган сатып алуулардын алкагында;

2) электрондук каталог аркылуу;

3) мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык акционердик коомдор, анын ичинде берүүчү катары чыккан алардын туунду чарбалык коомдору менен.

Контрактты банктык коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча колдонулбашы мүмкүн.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-августундагы № 63 (3512)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
