# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 369
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160316>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22300/edition/1269651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160316.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (07.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160316

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 24-июлу № 369 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жөнүндө убактылуу жободо:

- 7-пункттун экинчи абзацында мамлекеттик тилдеги текстте "көп" деген сөз "кем" деген сөзгө, расмий тилдеги текстте "более" деген сөз "менее" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 9-пунктта мамлекеттик тилдеги текстте "Жергиликтүү кеңештин" деген сөздөр "Айыл өкмөтүнүн башчысынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2-тиркемеде:

- "Калкынын саны 20000 адамга чейин штаттык бирдиктердин саны" деген сөздөр "Калкынын саны 6001ден 20000 адамга чейинки айыл аймактарында штаттык бирдиктердин саны" деген сөздөргө алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 3-тиркемеде:

- 4-пунктта "Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөр "Финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- эскертүүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча экономист-статисттин кызмат орду жетектөөчү адистин деңгээлинде каралат.";

- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
