# Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 17 июля 2023 года № 363 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Устава железной дороги Кыргызской Республики" от 2 июня 2000 года № 315"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 363
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2023
- Редакциянын күнү: 17.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22295/edition/1267519/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 17 июля 2023 года № 363 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении Устава железной дороги Кыргызской Республики" от 2 июня 2000 года № 315" (17.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160309

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 17-июлу № 363 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 2-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Темир жол уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууну жана оңдоону жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук уюмдарынын бюджеттик каражаттарын үнөмдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 2-июнундагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Темир жол уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Темир жол уставында:

- 114-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Битумду өз муктаждыктары үчүн ташуу боюнча жүк алуучу болуп саналган Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук уюмдары 112-беренеде көрсөтүлгүн айып пулдарды төлөөдөн бошотулат.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
