# 99-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 99-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-99

---

Мыйзам долбоору Жогорку Кењештин Аппаратында каттоодон өтөт, андан кийин Жогорку Кењештин Төрагасы тиешелүү комитетке, депутаттык фракция- ларга жана Жогорку Кењештин Аппаратынын юридикалык кызматына жөнөтөт. Комитет бир айдан кечиктирбестен мыйзам долбоорун Жогорку Кењештин кароосуна киргизүүгө милдеттүү. Мыйзам долбоору бир нече комитеттерге жөнөтүлгөн учурда Жогорку Кењештин Төрагасы алардын ичинен мыйзам долбоору боюнча жооптуу коми- тетти аныктайт. Резолюцияда төрагасынын аты-жөнү биринчи болуп көрсөтүлгөн комитет жооптуу комитет деп эсептелинет. Жогорку Кењеш мыйзам долбоорун кароонун кезегин же жүйөлөштүрүлгөн четке кагууну бир айлык мөөнөттө аныктайт. Мыйзам долбоорлорунун кара- лышын контролдоону Жогорку Кењештин Төрагасы жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кечиктирилгис деп аныкталган мыйзам долбоорлору тиешелүү ко- митет жана Жогорку Кењеш тарабынан кезексиз каралат. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-98)  
Кийинки берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-100)
