# 9-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 9-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-9

---

Жогорку Кењештин комитеттери өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча:

1) мыйзам долбоорлорун даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө

ашырышат жана аларды бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өздөрүнүн кору- тундулары менен Жогорку Кењештин кароосуна киргизишет;

2) Жогорку Кењеш өткөрүүчү парламенттик угууларды уюштурушат;

3) Жогорку Кењеш анын комитеттери тарабынан кабыл алынган мыйзам-

дардын жана чечимдердин ишке ашырылышын контролдошот;

4) республикалык бюджеттин долбоорунун тиешелүү бөлүмдөрү боюнча

корутундуларды жана сунуштарды беришет;

5) өз ишин уюштуруу маселелерин чечишет;

6) өздөрүнүн карамагына кирген маселелер боюнча аткаруу бийлигинин

мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, ведомстволорунун жана уюмдары- нын жетекчилери угушат;

7) каралып жаткан маселелерди талкуулоо үчүн башка комитетке

берүүгө байланыштуу Жогорку Кењештин Төрагасына сунуштарды киргизишет;

8) башка комитет тарабынан каралуучу маселе боюнча өзүнүн пикирин

берет;

9) мыйзамдарда каралган дагы башка маселелерди карашат.

Жогорку Кењештин ыйгарым укуктарына кирген кызмат адамдарын дайын- доо жана шайлоо, мамлекеттик кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу үчүн Жогорку Кењештин макулдугун берүү Жогорку Кењештин тиешелүү коми- теттеринин корутундусу болгондо жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-10)
