# 65-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 апреля 2009 года № 137 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202522)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.04.2009 [Закон КР от 27 апреля 2009 года № 137 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202522); 25.01.2008 [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708246..708247>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 65-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-65

---

Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен же добуштарды эсептөөнүн электрондук система аркылуу жүргүзүлөт. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берилген учурда бар- дык депутаттык фракциялардын өкүлчүлүгүн эске алуу менен 7 депутаттан кем эмес сандагы эсептөө комиссиясы шайланат. Эсептөө комиссиясы өз курамынан комиссиянын төрагасын жана катчы- сын шайлайт. Өзүнүн чечимдерин эсептөө комиссиясы анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат. Жашыруун добуш берүүнүн бюллетендери эсептөө комиссиянын контрол- дугу астында ал сунуш кылган жана Жогорку Кењештин чечими менен беки- тилген формадагы Жогорку Кењештин шайланган депутаттарынын санына ыла- йык келүүчү санда даярдалат жана керектүү маалыматты камтыйт. Аларды тараткандан кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер анын мүчөлөрүнүн катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жок кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүүнүн тартиби ушул Мыйзамга ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат. Эгерде Жогорку Кењеш тарабынан башкасы белгиленбесе, жашыруун до- буш берүү үчүн бюллетендерди берүү добуш берүүнүн башталышына бир саат- тан кечиктирилбестен башталат; жашыруун добуш берүү добуш берүү баштал- ган учурдан тартып 30 мүнөттүн ичинде өткөрүлөт. (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-64)  
Кийинки берене: [66-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-66)
