# 59-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 59-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-59

---

Эгерде добуш берүүгө коюлган сунуш же түзөтүү бир нече жоболорду камтыса же бир нече жүйөлөргө тиешелүү болсо, болбосо бул же тигил түрдө бир нече бөлүктөрдөн туруп, алардын ар бири өзүнчө укуктук маани- ге ээ болсо, анда жыйналышка киргизилген сунуш боюнча добуш берүү анын бөлүктөрү боюнча, андан кийин толугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн; бөлүктөрү боюнча добуш берүү жөнүндө жол-жоболоштурулган чечим талкуу- лоосуз кабыл алынышы мүмкүн. Эгерде добушка коюлган бардык сунуштардын бөлүктөрү же түзөтүүлөр добуш берүүнүн натыйжасында кабыл алынса же түзөтүү четке кагылса, же эгерде добуш берүүгө коюлган бардык сунуштардын бөлүктөрү, же түзөтүүлөр четке кагылса, анда сунуш же түзөтүү толугу менен четке ка- гылды деп эсептелинет. Сунуштарды, түзөтүүлөрдү бөлүктөр боюнча добушка коюу чечимин ка- был алуу аларды толугу менен кабыл алгандагыдай эле депутаттардын көпчүлүк добушу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-58)  
Кийинки берене: [60-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-60)
