# 58-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 58-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-58

---

Эгерде бир эле маселеге тиешеси бар эки же андан ашык сунуштар би- ри-бирине карама-каршы келген учурларда (альтернативалуу сунуштар), Жо- горку Кењеш алардын маани-мазмуну боюнча аны андан ары киргизүү ырааты менен кароо үчүн алгылыктуу деп эсептелгенин аныктайт жана сунуштарды добушка коет. Алгылыктуу сунушту андан ары кароо үчүн тандоо депутат- тардын тиешелүү добуштарынын көпчүлүгү менен жүзөгө ашырылат. Альтерна- тивалуу сунуш болгон учурда алардын ичинен толугу менен кайсы бирин алып салуу жөнүндө добуш берүү жүргүзүлбөйт. Эгерде андан ары кароо үчүн алгылыктуу деп добуш берүүгө коюлган сунушка бир дагы сунуш болбосо, түзөтүү келип түшпөсө (анын ичинде жый- налышта да), ал толугу менен кабыл алынды деп эсептелинет; башка учур- ларда аны андан ары талкуулоо жана ал боюнча добуш берүү аны андан ары кароонун ылайыктуулугун добушка коюуну эске албай, жалпы башталышта жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [57-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-57)  
Кийинки берене: [59-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-59)
