# 57-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1603)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2005-жылдын 3-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 03.01.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202212)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603#diff=708237..708238>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1535/edition/708229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1603/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө, 57-статья (25.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-57

---

Жазуу жүзүндө келип түшкөн жана чакыртып алынбаган бардык сунуштар менен түзөтүүлөр добуш берүүгө коюлат. Өзгөчө пикири болгон учурда депутаттык фракция төрагалык кылуучуга аны жазуу жүзүндө берет, ал бул сунушту жыйналышта жарыя кылат жана до- бушка коет. Эгерде депутаттык фракция өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жү- зүндө жол-жоболоштурууга үлгүрбөсө, талкууланып жаткан маселе боюнча добуш берүү кийинкиге калтырылат. Эгерде сунуш кылынган текст жыйналышта талкууланган маселеге тие- шеси болбосо жана Жогорку Кењеш тарабынан четке кагылган тексттин маа- ни-мазмунун кайталаса, төрагалык кылуучу сунуштун же түзөтүүнүн демил- гечисине ал сунуш кылган текстти добушка коюудан баш тартылышы мүмкүн. Буга байланыштуу жол-жобо чечими Жогорку Кењеш тарабынан талкууланбас- тан эле кабыл алынышы мүмкүн. Кабыл алынган текст боюнча чечим жокко чыгарылгандан кийин аны ка- роо кайрадан башталган учурларды кошпогондо, мурда кабыл алынган текст боюнча Жогорку Кењеш четке каккан сунуштар жана түзөтүүлөр кайталанып киргизилгенде (күн тартибинин ошол эле маселесин кароонун жүрүшүндө) добушка коюлбайт. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-56)  
Кийинки берене: [58-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1603/st-58)
